Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна Гүлнара Баатырованы дайындоо сунушун жактырды.
Жыйында 69 депутат "макул", 1 депутат "каршы" добуш берди.
Белгилесек, саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Гүлнара Баатырова 23-августта дайындалган.
Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Ал буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо боюнча комиссиясын жетектеген жана президент тарабынан сунушталып, БШКнын мүчөсү болгон.