Зомбулукту жарнама кылып, мыкаачылыкты жайылтып жатабыз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жыйында билдирди.
Ал ММА, эрежесиз мушташтар мыкаачылыкка үндөп жатканын, балдарга туура эмес тарбия берилип жаткандыгын белгиледи.
"Балдарыбыз жаныбызда туруп каралбай калып жатат. Алардын туура эмес тарбияланышына биз дагы күнөөлүбүз. Дайыма биз жакшы чыктык, балдар жаман чыгып калды деп айтып келебиз. Биздин жакшы чыкканыбыз биздин мээнет эмес, биздин аталардын мээнети. Азыркы муун жаман чыкса, ал биздин кемчилик, биздин күнөөбүз.
Мыкаачылыкты жайылтып жатабыз. Кинолорубузду карасак, киши өлтүрмөй, атмай же соймой, же уурдамай, талкаламай. Мурда спортсмен десек, 100 метрге чуркагандарды, волейболисттерди түшүнөт элек. Азыр "мен жеңил атлетика менен машыгам, спортсменмин" десең күлөт. Азыркы учурда спорт деген ММА, эрежесиз мушташ болуп калды. Жыгылып калган адамды бетке тепмей, башка чапмай, ушундай тарбия менен өсүп жатабыз. Советтер союзу мындайга тыюу салып туура эле кылган. Балдарга зомбулукту аябай эле жарнамалап жатабыз", - деди ал.