Интернет желесинде өлкө башчы Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү талкуу жаратууда.
Өз кезегинде президенттин басма сөз катчысы бул сүрөт эски экенин билдирди.
"Сүрөт эски, 2016-2017-жылдары тартылган. Азыркы иштерге тиешеси жок", - деп жазды Султанбаев.