2022-жылдын 1-августуна карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 977 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эсептөө 2022-жылдагы калкты каттоонун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлүп, 2022-жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда калктын саны 6 миллион 977 миң адамды түзгөн.
Калктын саны 2009-жылга салыштырмалуу 1 миллион 600 миң адамга көбөйүп, жылдык орточо өсүү темпи 2,1 пайызды түздү.
Эске салсак, 2022-жылдын 25-мартынан 2-майына чейин Кыргызстанда эки этап менен калк жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлгөн.