Албаниянын өкмөтү Иран менен дипломатиялык мамилени үзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Албаниянын премьер-министри Эди Рама мындай чечим Ирандын 15-июлда Албаниянын өкмөттүк системаларына жасаган киберчабуулунан улам кабыл алынганын билдирген.
"Министрлер кеңеши Иран менен дипломатиялык мамилени токтотуу чечимин кабыл алды. Бул чечим Иран элчилигине расмий нота аркылуу билдирилди, анда бардык дипломатиялык жана техникалык-административдик кызматкерлер, анын ичинде коопсуздук кызматкерлери 24 сааттын ичинде республиканын аймагынан чыгып кетүүсү керектиги айтылды", - деген Эди Рама.
Иран менен Албаниянын мамилеси буга чейин жыл санап начарлап келген.