"Көзү ачыктын айтуусунан улам тартып калдым". Бишкекте "Сагынбай манасчы" киносунун жабык көрсөтүүсү өтүүдө (фото)

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Сагынбай манасчы" аттуу тасмасынын жабык көрсөтүүсү өтүүдө.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү жана маданият кызматкерлери келишти.

"Бул кинону тартуу такыр оюмда жок болчу. 2019-жылы бир көзү ачык келин манасчы Сагынбай тууралуу кино тартышыңыз керек дегенинен улам аталган кинону тартуу идеясы жаралган. Ошентип 2020-жылы сценарийди жазып бүтүрдүм. Ал эми тартуу иштери 1 жылдык убакытты талап кылды, 7 миллиондой каражат кетти. Эгерде Ыбырайым Абдрахманов манасчынын жанында жүрүп "Манасты" жазып албаган болсо, анда эпос тууралуу Сагынбай атабыздын варианты чыкпай калмак деп ойлойм. Андыктан тасмада Абдрахмановдун да образы чагылдырылган, бул кинонун өзгөчөлүгү", - деди аталган тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан