Эртең, 8-сентябрда Ысык-Көл жана Нарын облусунун айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдашты.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25 ... 30;
Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31;
Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 26...31;
Бишкек шаарында түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33.