Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Сагынбай манасчы" аттуу тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп жатат.
Анда манасчы Сагынбай Орозбаковдун ролун аткарган актёр Аскат Сулайманов тасмага тартылуу үчүн 6 мүнөттүк манас жаттаганын билдирди.
“Башында негизги ролду ойноого 7 адам сынакка катыштык эле. Арасында актёр, акындар бар болчу. Ошентип башкы ролду ойноо мага тийди. Кинонун тартылышы оор эле болду, кыйналдым. Себеби өзүм шайыр жүргөн адаммын, буга чейин комедияларга тартылып жүрчүмүн. Ал эми мындай инсандын ролун аткаруу, ошол мезгилдин стилин берүү мен үчүн оор болду. Бул тасмага тартылуу үчүн 6 мүнөттүк манас жаттадым. 6 мүнөт кыска угулганы менен жаттай келгенде өтө узак экен, 10 барактай жаттадым. Съёмкага манасты бөлүп-бөлүп жаттап, анан тартылдым. Студенттик кезимде манас айтып көргөм. Анда эч кандай интонация жок эле айта бересиң да. А тасмага тартылууда чындап окшоштуруу керек болгон. Анткени Сагынбай атабыздын аудио-видеолору жок болсо дагы, аны көргөн-билгендер бар болгон. Мисалы, Саякбай атаныкы башка, Сагынбай атаныкы башка, айтуу манераларынан айырмаланып турат. Мага манасчы Табылды Актанов өзгөчө жардам берди. Экөөбүз күн-түн дебей чогуу иштештик”, - дейт ал.
Белгилей кетсек, аталган тасманын жабык көрсөтүүсүнө Эдил Байсалов, Адахан Мадумаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү жана маданият кызматкерлери келишкен.