Сутка ичинде республиканын аймагында 40 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 9, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Өрттү өчүрүүгө 42 бөлүм тартылган.