Быйыл көмүр тартыштыгы жаралбайбы? "Кыргыз көмүр" ишканасынын жообу

Быйыл көмүр былтыркы жылга салыштырмалуу 2 айга эрте жүктөлүп баштады. Мындай пикирин "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Марат Орозбаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Былтыркыга салыштырмалуу быйыл көмүрдү 2 ай эрте жүктөп баштадык. Учурда Бишкек шаарынын Мурманск 6, Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишиндеги базаларда көмүр жетиштүү деңгээлде сатылып жатат. Көмүр жүктө эрте башталгандыктан учурда калк үчүн 70 миң тонна көмүр жүктөлдү. Карьерден чыккан көмүрдүн баасы 1450 сом. Бишкекке келгенге чейин ортомчулардын (жол акы, базанын) наркы кошулуп, 4 миң сомдон сатылып жатат", - деди ал.

Мындан тышкары ал көмүр тартыштыгын жоюу максатында иш-аракеттер жүрүп жатканын кошумчалаган.

"Көмүр тартыштыгын жоюу максатында 4 жерден ачык көмүрдү даярдап атабыз. Бүгүнкү күнү 200 миң тонна ачык көмүр бар. Дагы тазалоо иштери жүрүүдө. 4 жерден көмүр жүктөө ишин ишке ашырсак тартыштык болбойт деп ишенебиз", - деп кошумчалады Орозбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан