“Сагынбай манасчы” деген кино мага жаккан жок. Кыргыз киносу жаңы секирик жасашы керек. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анда ал аталган тасмада бир канча сюжеттик линия жана каарман чийки болуп, тасма Сагынбай манасчы жөнүндө эмес, Ыбырай негизги каарман болуп калганын билдирди.
"Тасманын жабык көрсөтүүсүнө бардым. Киносун көрдүк. Күтүүсүздөн сөз берилди. Жакшы эле аракет кылдым, кайсы бир нейтралдуу ойлорду айтып, улуу манасчыны эскерип, ал жөнүндө сүйлөп, куттуктамыш болуп, жаман көрүнбөй эле унчукпай деле койсом болмок. Анте алган жокмун.
“Мага бул кино жаккан жок” деп айттым. “Не стреляйте в пианиста, он играет, как может” деп “балким, бул режиссёр Абдыжапаровдун чыгармасы, он так видит” деп да жумшартканга аракет кылдым. Бирок баары бир жыйынтыгында мен калп айта алган жокмун. Калп айтып, жашырууга укугум да жок. Бул кино жөн эле бир менчик студия өзүнүн акчасына тарткан күндө дагы сындамакмын. Бул киного болсо, угушумча мамлекет алты миллион сом бөлүп бериптир", - деди Байсалов.
Ошондой эле ал тасмада манасчынын тагдыры, анын жалпы Ала-Тоого тараган атагы, манасчы мектеби, Үркүнгө катышканы жөнүндө сөз болбогонун белгиледи.
"Мага жаккан жерлерин айтайын. Ыбырай Абдрахмановдун ролун аткарган Өмүрбек Израилов эң чоң мактоого татыктуу. Бул актёрдун таланты кинобузда эң сонун образдарды жарата алчудай потенциалы даана көрүнүп турат. Алкыш айтып, ийгилик каалайлы! Баракелде!
Оператор Санжар Абдыжапаровдун да ийгилигин айта кетели. Бир канча сонун кадр тартып, табиятыбызды жакшы көрсөтө алды. Албетте, ар дайымкыдай эле көлүбүздө тартылган кино өтө кооз болот эмеспи. Бирок бир канча жерлери даяр клип да сыяктуу.
Костюмерлер жакшы иштептир. Ыбырай эле адаттан тыш кычыраганы болбосо.
Фильмдин негизги көйгөйү - сюжет. Кино Сагынбай жөнүндө да эмес, Ыбырай негизги каарман. Эрнест Абдыжапаров тарткан мурункусунда деле Саякбай эмес, жаш Чыңгыз Айтматов жөнүндө болгон. Анан бир канча орус персонажга алаксып кеткен. Бул сапар дагы бир канча сюжеттик линия жана каарман чийки болуп калды. Негизгиси манасчынын өзү өтө эле "схематично" берилип калган.
Сюжетте Сагынбай тоо башында үй-бүлөсү менен жалгыз жашаган адам. Манасын уккан киши жок. Өлгөндө көмгөн жан жок, Ыбырай эле көмүп коёт окшойт. Сагынбайдын тагдыры, анын жалпы Ала-Тоого тараган атагы, манасчы мектеби, Үркүнгө катышканы жөнүндө да сөз жок.
Мындан сырткары, кинону көрсөңөр, бир канча учур англисче айтканда “кринж” (итиркей) болосуңар. Эмнегедир боз үйдө төшөктө жаткандары төрт-беш жолу көрсөтүлөт. Улуу манасчыбыздын балдары эт көрбөгөндөй жегендери. Катыган каламаны сууга да малбай кемиргени. Ыбырайдан Сагынбайдын аялдарынын үрккөнү. Балдарды эшикке кубалап ийгени… Касым менен Ишеналы манасчыны жээрип, чангандары. Сагынбай Ленинге сыйынып, намаз окуганы. Бир канча учур. Бул кино манасчыбызды да, жалпы кыргызды да даңазалаган бир жагын да мен байкай алган жокмун", - деди ал.
Мындан тышкары ал жабык көрсөтүүдө бир да киши Маданият министрлигине же мамлекеткетке ыраазычылык билдирбегенин кошумчалады.
"Баса, кинонун титрларында автор жыйырма чакты Сагынбай Орозбаковдун урпактарына ыраазычылык билдиргени кызык болду. Ал аз келгенсип, тасманын жабык көрсөтүүсүндө дагы аларды сахнага чыгарып, “мына неберелерине жакты” деп, алардын кубаныч, ыраазычылыгына батына албай турганы түшүнүксүз.
Дагы бир жаш ишкерди кайра-кайра эле чыгарып, атын атап, ыраазычылыгын билдирип жатты режиссёр. Көрсөтүүдөн мурда дага айтты, бүткөндөн кийин да сөз берди. Мен ойлоптурмун “киного демөөрчү болуп акча бергенби” деп. Көрсө, ал киши фуршетке тыйын бериптир. Ошол эле учурда Маданият министрлигине же мамлекетке бир да киши ыраазычылык билдиргенге жараган жок.
Эми кеп бул Эрнест Абдыжапаров тарткан бир кинодо эмес. Менин оюмча, биз жалпы кыргыздын киносунун абалы жөнүндө кеп курганга убакыт келди. Мамлекет башчыбыздын кино боюнча атайын жарлыгы чыккан. Азыркы күнү өкмөттүн токтому даярдалууда. Эмдиги жылы киного бөлүнүп берчү каражат бир канча жолу көбөйтүлгөнү турат. Суроолор көп. Бир канча өзгөрүүлөр талап кылынууда. Ачык жана түз сүйлөшөлү. Жалпыбыздын милдетибиз - улуу кыргыз киносунун мурасын жана атын сактоо. Кыргыз киносу жаңы секирик жасашы керек!" - дейт Байсалов.