
Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп
Советжан Асанкадыров дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тааныштырган.
Буга чейин аталган окуу жайдын директору болуп Кыргыз Республикасынын эл артисти Тентимиш Мураталиев эмгектенип келген.