"Алтын балалык" борборунда 10 күн ичинде 100дөн ашык бала эс алышты

Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборуна 28-августтан 7-сентябрга чейин 100дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ата-энелери менен жана балдар үйүнөн келген өспүрүмдөр эс алышты.
Аталган борбордон кабарлашкандай, 7-сентябрда 70ке жакын балдардын жаңы тобу эс алууга келген.
"Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, жайы менен 40ка жакын ооруулуга операция жасалган. Ошондой эле борбор кышкы сезонго да өзүнүн иш пландары бар.
Мындан тышкары балдар 10 күндүк эс алуу учурунда сууга гана түшпөстөн ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, "Рух Ордо" маданий борбору менен таанышып, теплоходко түшүп жана маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрөөрүн кошумчалаган.
Эске сала кетсек, аталган борбор 2022-жылы 1-июнда расмий түрдө ачылган. Жайы менен 2000ден ашуун бала анын ичинде миграциядагы мекендештердин балдары эс алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан