Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровго камактагы блогер Ырыс Жекшеналиевди бошотуу өтүнүчүн билдирди.
“Президент Садыр Жапаровго кайрылуум бар, ал 1 ай мурда Фейсбукка пост жазган. Анда Жетим-Тоо кени боюнча бузукулар туура эмес маалымат таратууда, милиция эмнени карап жатат деген. Ошондон кийин эле милиция 19 жаштагы баланы камап салды, болгондо да бийликти басып алуу беренеси боюнча айыпталууда. Бирок ал тек гана бөлүшүп койгон, тагылган айыптар туура эмес. Ал өзү дагы мени чыгаргыла, тынч эле жашайм, окуумду улантам деп жатат. Президентке маалымат бергиле”,- деди ал.
Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Анда ал Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакыртылып, Фейсбукка тараткан УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүнө жооп берген.
Милиция "Полит Узник" баракчасындагы жарыяланган эски видео "Жетим-Тоо" кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоого багытталгандыгы байкаларын билдирип, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине (Массалык башаламандык) ылайык кылмыш ишин козгогон.