Бишкектин Жал-29 кичи районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди (фото)

Бишкек шаарынын Жал-29 кичи районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров балдарды жана ата-энелерди кубанычтуу окуя менен куттуктап, аталган бала бакча мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында курулгандыгын белгиледи.

"Биз президенттин тапшырмасын аткардык. Белгилүү болгондой, борбордо мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги маселесин чечүү максатында 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушу башталган. Бул тапшырманы аткаруу үчүн жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнсө, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сом бөлүнгөн. Бүгүн биз жаңы бала бакчаны ачып жатабыз. Быйылкы жылы 86 билим берүү объектисинин курулушу жыйынтыкталат. 35 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, ал эми 6 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Бала бакчадагы тарбиячылардын айлык акысы эки эсеге жогорулатылып, 25 миң сомду түзөт. Ал эми кенже жана техникалык кызматкерлердин айлыгы үч эсеге жогорулатылганын өкмөт башчы кошумчалады.

Бала бакча 140 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 1484 чарчы метр. Долбоордун сметалык наркы 88 миң 499 миң сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2022-09-08 20:16:00
Сметалык баасы туура эмес жазылган го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан