"Трагедия кылыштын кереги жок". Садыр Жапаров агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү тууралуу үн катты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү тууралуу үн катты.

"Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде президент сүрөт былтыр, 2021-жылы тартылганын тактады.

"Сүрөт боюнча мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. (Бизде бюрократия жоюла элек да). "Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар" деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттен жогорудагыдай сунуштар түшкөн", - деген Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Toxa76
2022-09-08 20:21:00
Эми сиздерге ар кандай деп ,созду бурса боло берет.Трагедия кылыштын кереги жок.
+1
Shabi
2022-09-08 22:26:00
Бул жагы,биз илгери коргон рабаяат эле болуп кетти го
0
kebranum
2022-09-09 11:35:00
Басма соз кызматы 2016 2017 жылдары тушкон десе озу былтыркы сурот деп уят эле. Таши ака реакция кылабы эми досунун агасына. Каяктагы алтын? Качанкы алтын? Талтайтып койом! Шпагатка отургуза койом деп каттуу суйлогон эле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан