Маданият министрлигинин мамлекеттик кызматкерлеринин айлыгы жогорулады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, министрликтин башкармалыгынын башчысы социалдык төлөмдөр менен салыктарды эске алганда 35 миң 320 сом алып келсе, эми 64 миң 70 сом ала баштайт. Өсүш орто эсеп менен алганда 181,4 пайызды түзөт. Министрликтердеги башкы адистердин айлыгы буга чейин 26 миң 5 сом болсо, эми 55 миң 520 сомду түзөт. Өсүш 213,5 пайызды түзөт, ал эми, жөнөкөй адистер буга чейин 15 миң 605 сом алып келсе, эми 42 миң 969 сом алып баштады. Өсүш 275,3 пайызды түздү.
Министрликке караштуу Департаменттердин бөлүм башчысы 44 миң 980 сом алып келсе, эми 60 миң 639 сом ала баштайт. Өсүш 134,8 пайызды түзөт. Жетектөөчү адис 16 миң 905 сом алып келсе, эми айлыгы 37 миң сомду түзөт. Өсүш 219,8 пайыз.
Министрликтин аймактык бөлүм башчысы 20 миң 550 сом алып келсе, эми 50 миң 540 сом ала баштайт. Өсүш 245,9 пайыз. Аймактык бөлүмдүн башкы адиси 19 миң 403 сом алып келсе, эми 40 миң 208 сом ала баштайт. Өсүш 207,2 пайызды түздү.
Учурда кызматкерлер көбөйтүлгөн айлыктарды алып баштады.