Башкы прокурор Нарын, Ысык-Көл облустарына барат

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Нарын, Ысык-Көл облустарына барат. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Эл менен жолугушуулар үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрынан тартып башталат.

Мындай иш-чаралар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүзөгө ашып жатат. Максат - калк арасындагы көйгөйлөрдү жеринде угуп, анын чечүү жолдорун табуу.

Ал эми буга чейинки эл менен болгон жолугушууларда коомчулукта орун алган мыйзамсыздыктар, социалдык, экономикалык көйгөйлөр, чечилбей жаткан жарандардын жеке укуктук маселелери, түрдүү адилетсиздиктер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мүчүлүштүктөр тууралуу кайрылуулар эл оозунан айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан