Бүгүн, 9-сентябрда Ош технологиялык университетинин ректорлук кызмат ордуна Жанболот Турсунбаев дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
“Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору кызмат ордун ээлөө үчүн ачык сынак жарыялаган. Сынактын жыйынтыгы боюнча Жанболот Турсунбаев эң көп упай топтоду”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жанболот Турсунбаев буга чейин Ош мамлекеттик университетинин инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору, кафедра башчысы болуп эмгектенген.