Социалдык тармактарда болжол менен 2 жаштагы наристени 5 же 6 жашар кыз аёосуз сабап жаткан видеосу тарады. Бул окуя Ош шаарында орун алганын Инстаграмдагы баракчалардын биринин колдонуучусу айтып, видеосу менен бөлүшкөн. Анда бөбөктү кыз сабап жатканын, ал эми бала бакчанын тарбиячысы балдар ойноп жаткан бөлмөгө улам кирип, чыгып жатканын көрүүгө болот. Бирок тарбиячы аял жаш баланын токтобой ыйлап жатканына көңүл да бурган эмес.
Окуя 5-сентябрь күнү болгону айтылат. Бүгүн, 9-сентябрда видеону жүктөгөн баракчанын ээси окуя боюнча эч кимге эч кандай маалымат бербей турганын айтты.
“Наристе окуя болгон күнү ооруканага жаткырылган. Бүгүн ал жактан чыгарылыптыр. Азыр апасы мага келе жатканын айтты. Мен биринчи апасы менен сүйлөшүп, андан кийин гана маалыматты берем деп чечтим”, - деп айтылат видео билдирүүсүндө.