Чүйдө 14 жаштагы Бекжан Нурланбеков изделүүдө. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны табуу үчүн элден жардам сурайт.
Милициянын маалыматы боюнча, Бекжан 7-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында Садовое айылында жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 175 сантиметрдей, арыкчырай, салмагы 65 килограмм, чачы кара, кыска, көзү күрөң.
Кийген кийимдери: боз түстөгү футболка, кара спорттук костюм, бутунда боз түстөгү спорттук бут кийим.
Милиция Бекжан Нурланбековдун жүргөн жери боюнча маалымат болсо, Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө же болбосо 102, 03138 5-82-89, 0701 155 315, 0700 13 11 61, 0552 99 20 25 номерлерине байланышууну суранат.