Социалдык тармактарда болжол менен 2 жаштагы наристени 5 же 6 жашар кыз аёосуз сабаган окуя боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
"Негизи эки башка тайпанын балдарын бир бөлмөгө киргизип койгону туура эмес. Бизге окуя боюнча маалымат 6-сентябрь күнү түшкөн. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - дейт Замир Сыдыков.
Буга чейин интернет булактарында болжол менен 2 жаштагы бөбөктү 5 жашар кыз сабап жаткан видеосу тараган болчу.