Коңшу Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында оор турмуштук кырдаалга кабылган кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1961-жылы туулган С.Н. аттуу жаран коңшу өлкөдө акчасы жана документи жок калып калган. Мындан улам министрлик аталган жарандын жүргөн жерин аныктап, ага мекенине алып келүү үчүн документтерди даярдап, жардам көрсөткөн.
Аталган жаран бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстанга келди.