БУУнун башкы катчысы дүйнөнү Пакистанга кеңири колдоо көрсөтүүгө үндөдү

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш дүйнө коомчулугун Пакистанга масштабдуу колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Гуттериш Түштүк Азия өлкөсүнүн дээрлик үчтөн бир бөлүгүн суу каптаганын белгилеген.

"Мен Пакистан элине терең тилектештигимди билдирүү үчүн келдим. Мен эл аралык коомчулукту бул климаттык кырсыкка каршы күрөштө Пакистанга массалык колдоо көрсөтүүгө чакырам. Келгиле, колдоо көрсөтөлү. Бүгүн Пакистанда кырсык болсо, эртең сиздин өлкөңүздө болушу мүмкүн", - деген Гуттериш.

Өз кезегинде Пакистандын премьер-министри Шабаз Шариф Пакистан суу ташкындарынан улам каржылык жардамга муктаж экенин айтты.

Белгилей кетсек, Пакистандын аймагында 14-июндан бери тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен 1003 адам каза болуп, 1527 адам жаракат алган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен 3451,5 чакырым жолго зыян келип, 149 көпүрө ураган. Андан тышкары 949 миң 800 турак үй жараксыз абалга келип, 719 миң 500 баш мал өлгөн.
Пакистан бийлиги өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизип, кошуна өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан жардам сураганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aslan_akjol89
2022-09-09 21:14:00
Америка менен Европа олколору ушундайда жардамга келсе гана.Коробуз го кимиси кандай жардам берет экен.
0
aslan_akjol89
2022-09-09 21:15:00
Украина дегенде эт-бетинен кетип жардам берип жатышат эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан