Ошто 13 кабаттуу турак жай мыйзамсыз курулганы аныкталды. Эми эмне болот?

Ош шаарынын Монуев көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу турак жай мыйзамсыз курулганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан 13 кабаттуу турак жай комплексин, жер астындагы автопаркингдери жана соода-коммерциялык объекттери менен долбоорлоого берилген уруксат документтери каралып, текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган имарат бир катар нормалар эске алынбай, толугу менен мыйзамсыз курулгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
shankol88
2022-09-09 19:40:00
Жөн еле туйук жазып койупсуңарда Точна адреси кайсы екен аа???
+2
Аkjol18
2022-09-09 20:55:00
Жолдун эки тарабында тең 2 үй курулуп бүтөйүн деп калдыго,бүткөнчө техинспекция эшек такалап жүрдүбү бекен.
+1
Аkjol18
2022-09-09 20:57:00
Бизде бир нерсе үмүт кылышканда эле ушунтип чыга калышат,Манас-ата кафеси деле эч нерсе болбогондой иштеп жататко.
+2
Nursul
2022-09-11 20:59:00
Аkjol18 Манас ата кафеси иштей элек деп кече күнү эле интернеттен видеосун кордум го. Жабылгандан кийин ачылды беле?
+1
Perima
2022-09-09 23:27:00
Мындай мыйзамсыз курулгандар көп болсо керек менимче, эми бирөөсүнун бети ачылыптыр
0
Kuluch78
2022-09-10 02:09:00
Бул кечееги Улукбек Карыбек уулу, тарткан уй жонундо соз болуп жатат
0
Janka
2022-09-10 09:02:00
Бир болумду таппайтам .
-1
Asmat84
2022-09-10 09:21:00
Бүтөйүн деп калган үйдү эми эмне кылмак элеңер. Көчүгүңөрдү кыссып эле кайра кайра текшере бербей, андан көрө ошондой заманбап үйлөрдү салгандарга колдоо керек. Ошто азыр квартира Бишкектен кымбат себеби Ошто салынган көп кабаттуу үйлөр аз элдин муктаждыгы жогору андан көрө ошол бүтөйүн деп калгыча текшербеген жоопкерчиликтүү адамдарды камаш керек
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан