Элчи Гүлнара-Клара Самат Орусияда жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды

Кыргызстандын элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусияда жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Гүлнара-Клара Самат кечээ, 9-сентябрда Москва облусу боюнча Орусиянын жаза аткаруу федералдык кызматы башкармалыгынын ИК-5 федералдык мамлекеттик мекемесинде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарына барды.

"Аталган жарандар менен жолугушууда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Орусиянын аймагында соттолгон Кыргызстандын жарандарын жаза мөөнөтүн андан ары өтөө максатында Кыргызстанга кетирүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жарандардын суроолоруна жооп берди жана алардын суроо-талаптары эске алынды", - деп айтылат маалыматта.

Орусиянын жазаларды аткаруу тутумунун бул мекемесинде Кыргызстандын 11 жараны (аялдар) жазасын өтөп жаткандыгы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан