Жалал-Абадда комуз күнүнө карата уюштурулган "Жаш талант-2022" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына жана 9-сентябрь Комуз күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы 15 жаштан 25 жашка чейинки комузчулар арасында "Жаш талант-2022" сынагы өткөн.
Кароо-сынакка шаар аймагындагы жогорку жана орто окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин студенттери, шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу орто мектептин окуучуларынан жалпы 19 комузчу катышты. Кароо-сынактын жыйынтыгы менен:
1-орунду алган окуучулар: Жалал-Абад маданият техникумунун студенти Бекназар Тажибаев - 5 миң сом акчалай жана диплом, Жалал-Абад шаарындагы №5 мектептин окуучулары Мунара Ормотоева, Куттубек Арыкбаев - 5 миң сом жана диплом менен сыйланышкан.
Ал эми 2-3-орунга ээ болгон окуучулар жана калган катышуучулар кызыктыруучу белектер, дипломдор менен сыйланды.