"Түшүнбөстүк болду". Алдамчылыкка шектелип кармалган "Азия MIX" командасынын мурдагы мүчөсү коё берилди

Кечээ, 9-сентябрь күнү "Азия MIX" командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев (Маратик) алдамчылыкка шектелип кармалган.

Бүгүн Жуманалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу окуя боюнча билдирүү таратты. Анда ал түшүнбөстүк болгонун айткан.

"Достор, биринчиден Кудайга жана сиздерге ыраазычылык билдирем. Өзүңүздөр көрүп тургандай, менин абалым жакшы. Кечээки окуя боюнча айтсам, түшүнбөстүк болуп кетти. Мен бир каттан бир ката кетиргем, бирок бул менин темир тор артына барышыма укук бербейт. Бул боюнча укук коргоо кызматкерлери менен териштирип, тактап алдык", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан