Жергиликтүү курултай аймактарда качан өтөрү белгилүү болду

5-ноябрда Бишкек, Ош шаарларында жана аймактарда жергиликтүү курултайлар өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 9-сентябрда мамлекеттик катчы, элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн биринчи элдик курултайды уюштуруу комитетинин экинчи отурумунда кабыл алынды. Жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Маалым болгондой, биринчи элдик курултайды өткөрүү 2 этапта ишке ашырылат. Биринчи этап менен жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат жана анда мандат алган делегаттардын катышуусу менен элдик курултайдын өтүүсү камсыздалат.

Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоону уюштуруу маселелери жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат. Анда айылдын, шаардын жашоочуларынын санына жараша делегаттар шайланат.

Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 16-августта “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи элдик курултай өтөрү белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан