Акылбек Жапаров "Ат-Башы" ГЭСин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ат-Башы" ГЭСин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 10-сентябрда гидроэлектр станциянын техникалык жабдылышын карап чыгып, аны модернизациялоо боюнча пландар менен таанышып, электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү өндүрүүнү камсыз кылуу жана натыйжалуу башкаруу максатында ГЭСти реконструкциялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары ал кубаттуулугу 100 МВт саналган "Куланак" ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышып, ошондой эле “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунун да ишин көзөмөлдөдү.

Белгилей кетсек, ушул жылдын август айынан 31-октябрга чейинки аралыкта кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иштөө убактысы 2 саатка узартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан