Ош шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде сабалган бөбөк ооруканага түштү

Ош шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде сабалган бөбөк ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда болжол менен 2 жаштагы наристени 5 же 6 жашар кыз аёосуз сабап жаткан видео тараган. Аталган окуяны милиция териштире баштаганы кабарланган.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө денесинен жараат алган бөбөктүн апасын күбө катары сурак кылган учурда, ал баласы эки айдан бери “Карагат” менчик бала бакчасында тарбияланып жаткандыгын жана 5-сентябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында баласын алып кетүү үчүн барганда, баласынын денесинде көк ала тактарды байкагандыгын билдирген.

Ал эми бала бакчанын директору 5-сентябрда болжол менен саат 16:00 чамасында аталган бөбөктү орто тайпада окуган кыз уруп койгондугун билдирген.

Андан тышкары окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда окуянын видеотасмасы алынган жана аталган бала бакчада эмгектенген кызматкерлер күбө катары суралууда. Азыркы учурда сабалган наристеге карата соттук- медициналык экспертизалар дайындалып, бардык тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканын маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Razzak.kg
2022-09-12 05:52:00
Буга чейин деле өтө жаман отзывдар айтылган ал бакча жөнүндө. Жанылсын!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан