Ханыша Елизавета II'ни акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан өтөрү белгилүү болду

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин тажыясы 19-сентябрда болот. Бул тууралуу Букингем сарайына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Вестминстер аббаттыгында (католик чиркөөсүндө) өтөт. Тажыя Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталат.

Ал күнү Улуу Британияда эс алуу күнү деп жарыяланган. Ага чейин маркум ханышанын сөөгү салынган табыт британ парламентинин залына төрт күн бою коюлат. Бул учурда ар бир адам Елизавета II менен коштошсо болот.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болгону 8-сентябрдын кечинде белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан