Өлкө башчы Садыр Жапаров 11-12-сентябрь күндөрү иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы региондун бир катар объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.