Президент чек ара кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турак жайды курууга республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Садыр Жапаров чек арачылардын социалдык укуктарын, кепилдиктерди жана жашоо-шартын жакшыртуу багытында активдүү иштер улантыларына ишендирип, келечекте чек ара кызматынын бардык жеке курамдарынын маянасын көтөрөрүн айтты. Ошондой эле учурда Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын кошумчалады.

Учурда Шамалды-Сай чек ара отрядынын имаратын кайра реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы, жеке курамды сапаттуу даярдоо максатында бөлүктүн материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, окуу-машыгуу иштери заманбап каражаттар менен камсыздалары айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Razzak.kg
2022-09-12 05:55:00
Конушуңар кут болсун!!! Аллахым аскер кызматкерлерин баарын үй алып сүйүнүшүн насип кылсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан