UFC уюму дагестандык блогер Хасбик менен 5 жылга келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
"Хасбулла менен UFC беш жылдык мөөнөткө келишимге кол коюшту. Анда турнирлерге баруу, пиар жана медиа өз ара аракеттенүү каралган", - деп жазылат маалыматта.
Келишимдин суммасы так айтылган эмес. Бирок жакшы эле суммада келишим түзүлгөн.
20 жаштагы Хасбик генетикалык оорудан улам беш жаштагы балага окшош. Популярдуулук ага "Чынын айтсам, кулпунай бомба" ("Клубника бомба, честно говоря") деген видеосунан кийин келген.