Өлкө башчы Садыр Жапаров Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан Акжол Махмудовду жеңиши менен куттуктады.
"Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес, жалпы күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бардыгы алкап, Олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол, баатыр!", - деп социалдык тармактагы баракчасына жазды президент.
Акжол Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болду.