Бүгүн, 12-сентябрда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөп, 12-13-сентябрь күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4...9°, күндүз 18...23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7°, күндүз 17...22° градуска чейин болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.