Кыргызстанда дизель майы бир эле айда 5 сомго кымбаттады

Өлкөдө дизель майы бир эле айда 5 сомго кымбаттады. Тагыраак айтканда, 71 сомду түзгөн май эми 76 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, күйүүчү майга баанын өсүшү август бою катталды.

Комитеттин билдирүүсүндө абал күзгү талаа иштерине фермерлер арасында дизель майына суроо-талап жогорулаганы менен дагы курчуп жатканы айтылат. Эң кымбат солярка Исфанада – бир литри 81 сом 33 тыйын, эң арзаны Таласта – 74 сом 22 тыйын. Ал эми Бишкекте дизелдик отундун бир литрин айдоочулар 75 сомдон сатып алышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ali1995
2022-09-12 12:03:00
Исфана эмес И.Раззаковто!!!туурарак жазсанар!жазагынарды текшерген биро жок окшойт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан