Ысык-Көл облусунун Түп районунда катталган жол кырсыгынан 5 адам каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 11-сентябрда катталган. Анда Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 196-чакырымында Фольксваген Пассат, Хонда Аккорд жана Субару үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Натыйжада 32, 28, 30 жаштагы үч эркек киши, 14 жана 1 жаштагы кыздар каза болуп, 4 адам жабыркаган. Жабыркагандардын арасында 5 жаштагы кыз дагы бар.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, унаадан 2 адамдын жансыз денелерин чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Түп райондук ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.