Бишкекте ата мекендик ишкана өндүргөн лифт сыноо үчүн орнотулду (фото)

Бишкек шаарынын Түштүк-2 кичи районундагы №8 имаратта пилоттук долбоор катары жаңы лифт орнотулду. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, лифт 8 аялдаманы түзөт, жүк ташуу көлөмү 320-450 килограмм. Азыр лифт ишке киргизүү стадиясында турат.

"Шаардык мэрия лифт өндүрүүчүлөрдөн түшкөн коммерциялык сунуштарды иликтеп чыгып, ата мекендик өндүрүштү колдоо үчүн “Кыргыз унаа курулуш” ишканасын тандоо чечимине келген.

Айтмакчы, бул компаниянын лифттеринин баасы башкалардыкына салыштырмалуу арзан", - деп билдиришти мекемеден.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан