Акыркы аптада республикада 17 миң 758 жол эрежесин бузуу аныкталды. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Алардын ичинен:
- ылдамдыктан ашкандыгы үчүн – 3672;
- тиешелүү документи жок унаа башкарган – 205;
- эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5486;
- ээн баштык – 6;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузган – 646;
- тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 70;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6441;
- айнектерин караңгылатып алгандар – 14;
- мас абалында унаа башкарган – 213.
Ал эми 1007 транспорт каражаттары унаа токтотуучу жайга коюлду.