Бишкектеги Товарная көчөсү оңдолду

Бишкектеги Товарная көчөсү оңдолду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Анда “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан Товарная көчөсү Гатчин көчөсүнөн Шиш-Төбө көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолгону айтылат.
Ошондой эле ишкана тарабынан асфальт катмары бузулган жол тилкелеринде карталык оңдоо (карточный ремонт) иштери аткарылууда.
Учурда Ч.Айтматов кең көчөсү менен Масалиев көчөсүнүн (түштүк Магистраль) кесилишинде карталык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Атайын техниканын (фреза) жардамы менен асфальт төшөлгөн катмардын бузулган катмарын алуу иштери аткарылып жатканы маалымдалат.
Шаардык мэрия оңдоо иштерине байланыштуу айдоочулардан жогоруда көрсөтүлгөн кесилиште этият болууну суранат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан