Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында пландык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу, Бишкек курултайын өткөрүү жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык маселелери талкууланды.
Борбордун вице-мэри Олег Попиков маалымдагандай, 17-сентябрда борбор калаада массалык ишембилик өтөт. Негизги басым бекитилген участокторго ылайык короо ичиндеги аймактарды тазалоого багытталат. Шаар башчысы жогору турган документти ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын конкреттүү планын иштеп чыгууну тапшырды.
"Тазалык" муниципалдык ишканасына таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн тиешелүү таштанды контейнерлерин сатып алуу боюнча сунуштарды берүү, ал эми акимиаттарга пилоттук долбоор ишке ашырыла турган даректерди аныктоо тапшырылды.
Ошондой эле борбор калаанын мэри "Бишкекасфальтсервис" мамлекеттик ишканасына шаардык жолдордо жол белгилерин түшүрүү жана тротуарларды оңдоо боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.