ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну кайрылды. Окурман ипподромдо курулуш иштери башталып жатканына тынсыздануусун билдирди.
"Биз, Кара-Кулжа районунун көк бөрү сүйүүчүлөрү, райондук ипподромдо жаштар жылда райондук деңгээлде турнир өткөргөн аянтты кимдир-бирөөлөр курулуш иштерин жүргүзүп жатканына байланыштуу тынчсызданып кайрылуудабыз.
Көк бөрү аянтында иштеген жумушчулар биздин суроолорго жооп берген жок . Бул аянтта көп жылдан бери көк бөрү ойнолуп, эки жыл мурун атайын эл көрө турган трибунасы, тай казаны жаңыртылып жасалган. Курулуш канчалык деңгээлде мыйзам чегинде жүрүп жатат?" деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.