Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 11-12-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы:

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 36 кызматкерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды;
  • Эски жатакана имаратын чек арачылардын 70 үй-бүлөсү үчүн көп батирлүү үй кылып реконструкциялоонун долбоору менен таанышып, имаратты сапаттуу капиталдык оңдоого жана чек арачылардын үй-бүлөлөрүн ыңгайлуу, заманбап батирлер менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен каражат кароону тапшырды;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын башкармалыгынын имаратынын реконструкциялоо иштери менен таанышты;
  • «Кыргызнефтегаз» ААК жылдыгын жана мунай газ тармагында эмгектенгендердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты;
  • 12-сентябрда «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсында болуп, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан