Кечээ, 11-сентябрь күнү борбор калаабыз Бишкекте "Эже-сиңди, беш көкүл" көргөзмөсү болуп өттү.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, көргөзмөдөн сырткары "Ибарат" жаш балдар фольклордук тобун колдоо максатында өткөрүлдү.
"Министрлик жана анын алдындагы "Келечек" платформабыз улуттук каада-салтты жайылтуу боюнча иш-чараларды дайыма колдоп келет", - деди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Таалайбек Бердиев.
Уюштуруучулардын бири саймачы, дизайнер, салттуу билимдер ээси Асел Калканова төмөнкүлөргө токтолду.
"Аталган ансамбль эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата Германия баш болгон жалпы Европа өлкөлөрүнө барып концерт коюп келишти.
Ал эми жаз айларында Түркияга барып Нооруз майрамына карата иш-чара өткөрүп келгенбиз. Максатыбыз кыргыздын каада-салт, маданиятын тааныштыруу болду. Фольклордук ансамблдин концертин түрк дүйнөсүнүн музейлеринде уюштурдук.
Биздин "Аталар изи" коомдук фонду 2016-жылы жолдошум тарабынан түзүлгөн. Фонд Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы көп иш-чараларга көмөк кылып, райондун комузчу окуучуларынын кийим-кечесин тигип берип, кээде аспаптарынан жардам көрсөтөт. Ал окуучу балдар-кыздар Ак-Суу районундагы балдар үйүнө байма-бай концерт коюп турушат. Биз карап, каржылап турабыз", - деди Калканова.