13-сентябрда өлкө аймагынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдайт.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында түнкүсүн +7…+9, күндүз +22…+24 градус болот.