
Бишкекте жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Ага ылайык, күздүн келиши менен муниципалдык инспекция жалбырактарды өрттөө фактыларын көбүрөөк каттап жатат.
"Ошондой эле шаардыктардын билдирүүсү менен Ж.Огонбаев көчөсүнүн №72 дарегинде жалбырактарды өрттөө фактысы аныкталган. Шаар тургуну Ошурбакиева З. 7 миң 500 сом төлөп берүүгө милдеттүү.
Кургак чөптөрдү өрттөгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адамдын организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындан тышкары шамал менен көбүнчө кайтарылгыс кесепеттерге алып келет.
Мындай мыйзам бузгандарга Бузуу жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык 7500 сомдон 23 000 сомго чейин административдик айып каралган", - деп жазылат маалыматта.