Башкы прокурор Курманбек Бакиев боюнча комментарий берди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев мурдагы президент Курманбек Бакиев боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал Өзгөн районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Анда тургун "Баш прокурор катары бозгунда жүргөн Курманбек Бакиев тууралуу позицияңызды так билип койсок. Анын өлкөгө келишинин укуктук базасы кандай болот? Ал өзүн "акмын" деп жатат" деген суроо узаткан.

"Курманбек Салиевич тууралуу кылмыш иштер боюнча өкүм чыккан. Биз ал мамлекеттен эч кандай жооп ала албай жатабыз да. Эгер эрки жетип келип ачык сот кылам, тергөөгө көрсөтмө берем десе ага эч ким тоскоолдук кылбайт. Келсин, тергейбиз. Ал эми иш боюнча өкүм чыккан. Бул маселени өзүңүз жакшы билесиз", - деп жооп кайтарган Зулушев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан