Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов Фейсбуктагы баракчасына Акжолду 17-сентябрда "Манас" аэропортунан тосуп аларын жазды.
"Акжол уулум баарыбызга жакшы маанай тартуулады окшойт. Үй-бүлөбүздөгү кубанычты тең бөлүшкөнүңүздөргө чоң рахмат! Акжол баратканда чемпион болсоң, аэропорттон Хабибди тоскондордой тосуп алабыз деп убада берген элем, жалганчы болуп калбайын. 17-сентябрь эртең менен саат 05:10 "Манас" аэропортуна учуп келет экен", - деп жазып калтырган ал.
Акжол Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болду.